Китеп жөнүндо кыскача маалымат

 Китеп (ар. كتاب — жазма) — 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *